# 54-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 54-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-54

---

1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;

11) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;

12) пробация органдарын жазуу жүзүндө кабарлоосуз административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын) чегинен тышкары чыкпоого;

2) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;

3) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

4) он күндүк мөөнөттө пробация органдарына жашаган жеринин өзгөргөнү тууралуу билдирүүгө;

5) катталуу жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.

2. Иштеген ордунун өзгөргөнү жөнүндө пробация органдарына себептерин баяндоо менен жазуу жүзүндө кабарландырат.

3. Жазаны өтөө мезгилинде жыл сайын акы төлөнүүчү жана кошумча өргүүлөр пробация органы менен макулдашуу боюнча соттолгондун иштеген жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы тарабынан эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

4. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү чыгарылгандан кийин I же II топтогу майыптар деп таанылган адамдарга, ошондой эле кош бойлуу аялдарга карата, эгерде түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө өкүм чыгарылгандан кийин кош бойлуу болуп калса, пробация органдары сотко аларды Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган тартипте жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.

6. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-55)
