# 53-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 53-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-53

---

1. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) менен белгиленген өлчөмдөрдө мамлекеттин кирешесине соттолгондун эмгек акысынын (акчалай күтүүнүн) акча каражаттарынан ай сайын которуу менен соттолгондун негизги иштеген жери боюнча өтөлөт жана анын жашаган жери боюнча пробация органы тарабынан аткарылат.

2. Пробация органдарынын уруксаты боюнча жүргүзүлүүчү өз каалоосу боюнча бошонгон учурларды кошпогондо, соттолгондор башка кызматка же жумушка эмгек мыйзамдарында каралган тартипте бошотулат, которулат. Пробация органдарынын уруксат берүүдөн баш тартуусу жүйөлөнгөн токтом менен жол-жоболоштурулат.

3. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими пробация органдарына келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.

4. Түзөтүү жумуштарына соттолгондор жазаны өтөөгө тартылуу үчүн катталуу жана каттоого туруу үчүн соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен пробация органына келүүгө милдеттүү.

5. Пробация органдары:

1) соттолгонду эсепке алууну жүргүзөт;

2) жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) соттолгондун иштеген жери боюнча анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) жүргүзүлүүчү кармоолордун өз убагындагысын жана үзгүлтүксүздүгүн жана алардын мамлекеттин кирешесине которулушун текшерет;

4) соттолгондордун жазаны өтөө шарттарын сакташын контролдойт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-54)
