# 52-берене. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 52-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-52

---

1. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондун иштеген же кызмат өтөгөн жери боюнча ишкананын, уюмдун же мекеменин администрациясы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн жана пробация органынын кабарлоосун алгандан кийин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен соттолгонду кызматтан же иш жүргүзүү укугунан ажыратылган иштин түрүнөн бошотууга;

2) пробация органына беш жумушчу күндүн ичинде соттун өкүмүнүн аткарылышы жөнүндө билдирүү жиберүүгө;

3) соттолгондун эмгек китепчесине ал кандай негизде, канча мөөнөткө жана кандай кызматты ээлөө укугунан же кандай ишти жүргүзүү укугунан ажыратылганы жөнүндө жазуу киргизүүгө;

4) пробация органынын талабы боюнча жазаны аткаруу менен байланышкан документтерди берүүгө;

5) соттолгон менен эмгек келишими өзгөргөн же токтотулган учурларда беш күндүк мөөнөттө бул жөнүндө пробация органына билдирүүгө.

2. Соттун белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу жөнүндө өкүмү иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдар үчүн милдеттүү болот.

3. Көрсөтүлгөн органдар соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсүн жана пробация органынын кабарлоосун алгандан кийин, беш жумушчу күндүн ичинде соттолгонго тыюу салынган иштин ошол түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга, ошол адамга иштин көрсөтүлгөн түрүн жүргүзүүгө укук берген тиешелүү документти алып коюуга жана бул жөнүндө пробация органына билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

4. Белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин, ошондой эле иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары соттун өкүмүн аткарбаган учурда, пробация органдары ыйгарым укуктуу органдарга аларды Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-53)
