# 49-берене. Белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 49-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-49

---

1. Негизги катары же коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган, ошондой эле пробациялык көзөмөлдү белгилөө менен соттоодо белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу мыйзамдарда белгиленген тартипте, соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазанын негизги түрлөрүнө кошумча катары дайындалган белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруу негизги жазаны аткаруучу орган же мекеме тарабынан жүзөгө ашырылат, ал эми негизги жазаны өтөгөндөн кийин мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондун жашаган (иштеген) жери боюнча пробация органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Пробация органдары:

1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;

2) соттолгондун соттун өкүмүндө каралган белгилүү бир кызматты ээлөөгө же белгилүү бир иш жүргүзүүгө тыюу салуунун сакташын контролдойт;

3) соттолгондун иштеген жери боюнча уюмдун администрациясынын, ошондой эле соттолгонго тыюу салынган иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө уруксатты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу органдын өкүмдүн жазма эскертүүлөрүн аткарышын текшерет.

4. Соттолгон же кошумча жаза катары белгилүү бир кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза колдонулган пробациялык көзөмөл белгиленген адам негизги жазаны өтөп жаткан ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясынын соттолгонго аткаруу тыюу салынган жумуштарга аны тартууга укугу жок.

5. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-50)
