# 48-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн соттолгондордун жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: Глава 5
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 48-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-48

---

1. Соттолгон коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн пробация органы себептерин аныктагандан кийин соттолгонго коомдук иштер түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка жаза менен алмаштыра тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.

2. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу төмөнкүлөр болуп саналат:

1) коомдук иштерди аткаруу үчүн өз убагында келбөө;

2) эмгек тартибин бузуу;

3) жашаган жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында бербөө;

4) пробация органына катталуу үчүн жүйөөлүү себепсиз бир жолу келбей коюу.

3. Соттолгондун пробация органына дайындалган мөөнөттө келбей коюусунун жүйөөлүү себептери катары оорусу жана анын чакыруу боюнча өз убагында келүү мүмкүндүгүнөн ажыраткан документтер менен ырасталган башка жагдайлар таанылат.

4. Мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруудан кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко коомдук иштер түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинде каралган жазанын башка түрү менен алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

5. Адам Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинде каралган башка жаза менен алмаштыруунун мүмкүндүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын кайталап бузуусу соттолгондун коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянат качуусу деп таанылат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-49)
