# 47-берене. Коомдук иштерди аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: Глава 5
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 47-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-47

---

1. Коомдук иштерди аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) эмгек мыйзамдарына ылайык коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу;

2) соттолгондор үчүн аныкталган жумуштардын алар тарабынан аткарылышын контролдоо;

3) иштеген убакытты эсепке алуу табелин жүргүзүү, аткарылган жумуштардын актыларын учурдагы айдын акыркы күнүнөн кеч эмес түзүү жана пробация органдарына жиберүү;

4) соттолгондордун жүрүм-туруму жана/же коомдук иштерди аткаруудан качуусу жөнүндө пробация органдарына маалымдоо жана кабарландыруу.

2. Соттолгон коомдук иштерди аткарууда майып болгондо, соттолгонго зыяндын ордун толтуруу эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Коомдук иштерди аткаруу үчүн аныкталган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын милдеттерин аткарбашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-48)
