# 46-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: Глава 5
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 46-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-46

---

1. Коомдук иштер түрүндөгү жазанын мөөнөтү соттолгон алардын ичинде коомдук иштерди аткарган сааттар менен эсептелет.

2. Коомдук иштердин узактыгы күнүнө төрт сааттан ашпайт. Бир жуманын ичинде коомдук иштерди аткаруунун узактыгы он сааттан кем болбоого тийиш. Жүйөөлүү себептер болгондо пробация органдары соттолгонго жуманын ичинде сааттардын санынан аз иштөөгө уруксат берүүгө укуктуу.

3. Туруктуу иштеген жери жок жана окуу жайларында окуудан өтпөгөн соттолгонго анын макулдугу боюнча коомдук иштерге тартуу убактысы күнүнө сегиз саатка чейин узартылышы мүмкүн, бирок жумасына кырк сааттан ашпоого тийиш.

4. Эгерде соттолгон адам оорусуна же башка жүйөөлүү себептерге байланыштуу коомдук иштерди аткара албаган учурда, ал бул жөнүндө пробация органдарына кабарландырууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-47)
