# 45-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруунун жана өтөөнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: Глава 5
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 45-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-45

---

1. Коомдук иштер соттолгондор тарабынан иштен же окуудан бош убакта акысыз негизде аткарылат.

2. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жана шарттарын сактоого;

2) алар үчүн белгиленген объекттерде иштөөгө;

3) коомдук иштерди аткаруу жерине өз убагында келүүгө;

4) эмгекке ак ниет мамиле кылууга;

5) ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

51) пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;

52) пробация органдарына жазуу жүзүндө кабарлоосуз административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын) чегинен тышкары чыкпоого;

6) он күндүк мөөнөттүн ичинде пробация органдарына жашаган жеринин өзгөргөнү тууралуу билдирүүгө;

7) катталуу жана алдын алуучу маекке катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.

3. Соттолгондорго негизги иштеген жери боюнча кезектеги өргүүнүн же окуган жери боюнча каникулдун берилиши коомдук иштерди аткарууну токтото турбайт.

4. Соттолгон I же II топтогу майып деп таанылганда, соттолгон кош бойлуу болгондо, пробация органдары сотко аларды жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө сунуштама жиберет.

5. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-46)
