# 44-берене. Коомдук иштер түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: Глава 5
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 44-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-44

---

1. Коомдук иштер түрүндөгү жаза Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде соттолгондун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.

2. Коомдук иштер түрүндөгү жаза пробация органдарына соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсү менен соттун тескемеси келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.

3. коомдук иштерге соттолгон соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечикпестен жазаны тартуу үчүн пробация органына келүүгө милдеттүү.

4. Пробация органдары:

1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;

2) аларга жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) коомдук иштерди аткаруунун объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат;

4) коомдук иштерди аткарган мезгилде соттолгондордун жүрүш-турушун контролдойт;

5) алар тарабынан иштелген убакыттын жыйынтыкталган эсебин алышат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-45)
