# 36-берене. Соттук контроль

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 36-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-36

---

1. Сот мыйзамдарда белгиленгендерге ылайык жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын контролдойт.

2. Сот жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу, оорусу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу, жосун кылмыштан ажыратылганда жана мыйзамдын санкциясы жеңилдетилгенде, ошондой эле пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазадан бошотулганда жазадан бошотуу жана жазаны жеңилдетүү, жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу, түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү маселелери боюнча жазалардын аткарылышын контролдойт.

3. Сот соттолгондордун жана башка адамдардын жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө контролдоо-көзөмөлдөө иш-милдетин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын аракетине же аракетсиздигине даттанууларын карайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-37)
