# 31-берене. Жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка мажбурлоо чараларын өтөп жаткан жер жөнүндө кабарландыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 31-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-31

---

1. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды, адамды атайын дарылоо мекемесине жайгаштыруу түрүндө медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары, атайын мекемеге жайгаштыруу түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруучу органдар жана мекемелер үч жумушчу күндүн ичинде жубайына, анын туугандарынын бирине же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнө соттолгондун жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөсүнүн башталышы жана жазаны өтөө орду жана алардын укуктары жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.

2. Чет мамлекеттердин жарандары (букаралар) болуп саналган адамдарга карата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар жана мекемелер Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык же консулдук мекемелерге же алардын кызыкчылыгын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө маалымдайт.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-32)
