# 26-берене. Эне тилинде же өзү каалаган кандай болбосун башка тилде түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана кат алышууга, ошондой эле сунуштар жана даттануулар менен кайрылууга укук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 26-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-26

---

1. Соттолгондор эне тилинде же кандай болбосун башка тилде түшүндүрмө берүүгө жана кат алышууга, ушул Кодекстин 25-беренесинде көрсөтүлгөн сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга, ошондой эле котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга укуктуу.

2. Соттолгондорго жооптор алар кайрылган тилде берилет. Кайрылган тилде жооп берүүгө мүмкүн болбогондо, ал мамлекеттик же расмий тилде берилет. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларга жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларына соттолгондордун кайрылган тилине жоопту которуу ушул жазаны аткаруучу мекеме тарабынан камсыз кылынат.

3. Сүйлөө, угуу, көрүү кемчиликтери менен байланышкан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген соттолгондор дактилдик-жаңсоо тилин же Брайль алиппесин билген адистердин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга укуктары бар.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-27)
