# 25-берене. Соттолгондордун сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 25-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-25

---

1. Соттолгондордун өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулуусуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын жана мекеменин администрациясына, жогору турган органдарга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге кайрылууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте алардан жоопторду алууга укуктары бар.

2. Соттолгондор өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланышкан маселелер боюнча сунуштары, арыздары жана даттануулары менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга кайрылууга укуктары бар.

3. Соттолгондордун кайрылуулары оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн.

4. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондор кайрылууларын ушул жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы аркылуу жиберет.

5. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондор кайрылууларын өз алдынча жиберет.

6. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондордун ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган жогорку башкаруу органдарына жана башка органдарга кайрылуулары цензурага жатпайт жана жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин администрациясы тарабынан дарек ээсине бир суткадан кечиктирбестен (дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо) жиберилет.

7. Соттолгондордун жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясынын чечимдери жана иш-аракеттери боюнча кайрылуулары ушул чечимдерди жана иш-аракеттерди токтото албайт.

8. Соттолгондордун кайрылуулары жиберилген органдар жана кызмат адамдары аларды мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө карашат жана жооп беришет.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-26)
