# 24-берене. Соттолгондордун абийир жана дин тутуу эркиндигине укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 24-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-24

---

1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан соттолгондорго абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет.

2. Абийир жана дин тутуу эркиндигине укукту ишке ашыруу ыктыярдуу болуп саналат, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекеменин ички тартибинин белгиленген эрежелерин бузбоого, ошондой эле башка адамдардын укуктарын кемсинтпөөгө тийиш.

3. Коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөп жаткан адамдарга белгиленген тартипте катталган диний бирикмелердин кызматкерлери чакырылат.

4. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерде соттолгондорго диний ырым-жырымдарды жүргүзүүгө, сыйынуу буюм-тайымдарын жана диний адабияттарды пайдаланууга уруксат берилет.

5. Жеке камераларда, айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда, ошондой эле убактылуу бөлөк кармоо жайларына дин кызматкерлери жалпы негизде киргизилет.

6. Катуу ооругандарга жана (же) өмүрү үчүн кооптуу абалда болгон соттолгондорго алардын, туугандарынын жана башка адамдардын өтүнүчү боюнча дин кызматкерлерин чакыруу менен бардык зарыл диний ырым-жырымдарды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.

7. Мекемелердин администрациясы диний ырым-жырымдарды жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт жана тиешелүү жай бөлүп берет, чакырылган дин кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылат.

8. Түзөтүү мекемелеринин аймагында диний ырым-жырымдарды жүргүзүү үчүн атайын имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-25)
