# 22-берене. Соттолгондордун юридикалык жардам алууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 22-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-22

---

1. Соттолгондор юридикалык жардам алууга, анын ичинде, мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилдик берилген консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.

2. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы мыйзамдарда белгиленген тартипте соттолгондорго мамлекет тарабынан кепилдик берилген консультациялык-укуктук жардам көрсөтөт жана алардын юридикалык жардамды алышы үчүн шарттарды түзөт.

3. Юридикалык жардам, анын ичинде мамлекет тарабынан кепилдик берилген квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн соттолгондор адвокаттардын, ошондой эле ушундай жардам көрсөтүүгө укугу бар башка адамдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алышат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-23)
