# 20-берене. Соттолгондордун саламаттыгын сактоого жана квалификациялуу медициналык жардам алууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 20-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-20

---

1. Соттолгондор жазаларды же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө мезгилинде акысыз алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардам алууну кошо алганда, алардын саламаттыгын сактоону камсыз кылуучу шарттарды, анын ичинде амбулатордук-бейтапканалык же стационардык шарттардын түзүлүүсүнө укуктуу.

2. Соттолгондорго медициналык жардам алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, саламаттык сактоо мекемелеринде саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө көрсөтүлөт.

3. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы соттолгондорду медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык жактан тейлөө үчүн шарттарды түзөт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-21)
