# 2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020386)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.01.2025 [Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020386); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305); 10.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=14117..25021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 2-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-2

---

Ушул Кодексте төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

1) жаза аткаруу мыйзамдары - жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларын аткаруунун (өтөөнүн) процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди түздөн-түз жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы;

2) жаза аткаруу мыйзамдарынын принциптери - мамлекеттин жаза аткаруу мыйзамдарынын мүнөзүнө жана жазык жазаларын аткарууда коомдук мамилелерди жөнгө салууга болгон негизги укуктук көз караштарын билдирүүчү жетектөөчү укуктук идеялар;

3) соттолгондорду түзөтүү - жасаган ишине өкүнүүгө жана мыйзамды сыйлаган жүрүш-турушка дем берүүгө, адамга, коомго урмат-сый менен мамиле кылууга жана адамдык коомдун ченемдеринин талаптарын сактоого негизденген алардын жүрүш-турушун социалдык-позитивдүү өзгөртүү;

4) кайра социалдаштыруу - жазаларды же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөгөндөн кийин соттолгондорго коомго оң интеграцияланууга көмөктөшүүчү зарыл социалдык байланыштардын калыбына келүү процесси;

5) жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер - жазык мыйзамдарында каралган жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдар жана мекемелер;

6) жаза өтөө режими - жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн ушул Кодексте, башка ченемдик укуктук актыларда жана жаза аткаруу системасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик актыларында белгиленген тартиби;

7) жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы - жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу чөйрөсүндө жетекчиликти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу аткаруу органы;

8) жаза аткаруу системасы - жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну камсыз кылуу боюнча аткаруучу жана тескөөчү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу органдардын жана мекемелердин системасы;

9) пробация - бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана соттолгондорду түзөтүүгө, укук бузууларды жасоону алдын алууга, социалдык таасир көрсөтүүгө жана алардын кайра социалдашуусуна карата чараларды көрүүгө багытталган жекече социалдык-укуктук программаларга алардын катышуусу менен мамлекеттик мажбурлоонун, коомдук таасир көрсөтүүнүн комплекстүү чараларын соттолгондорго карата колдонууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттин социалдык-укуктук институт;

10) пробация органы - коомдон обочолотуу менен байланышпаган кылмыштык жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылышын, социалдык-укуктук иш-милдеттерин аткаруу менен жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

11) пробациалык көзөмөл - сот тарабынан соттолгондорго жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын жана пробациялык милдеттердин аткарылышын контролдоону мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашыруу боюнча пробация органынын иши;

12) гауптвахта - бул кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектелген же айыпталган, ошондой эле аларга карата сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган аскер кызматчыларын жаза аткаруу мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган обочолонгон шартта кармоо үчүн атайын жабдылган орун жай;

13) медиатор - медиация жүргүзүүдө тараптарга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жак (мамилелердеги ортомчу);

14) медиация - алардын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүүсүнүн максатында медиатордун көмөгүндө талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен укуктук талашты жөнгө салуу (ортомчулук, талашка катышпаган медиатордун катышуусунда талаштарды чечүүнүн тынчтык ыкмасы) жол-жобосу.

15) электрондук көзөмөл - сот тарабынан пробация кардарларына жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен пробация органы жүзөгө ашыруучу көзөмөл;

16) эксперименттүү жаза өтөө режими - укук бузуулардын жасалышынын алдын алуу, соттолгондорду түзөтүү, аларга социалдык жактан таасир көрсөтүү жана кайра социалдаштырууга карата чара көрүү жаатында изилдөө жүргүзүүгө арналган жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында жаза өтөө режими.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-3)
