# 19-берене. Соттолгондордун жеке коопсуздукка укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 19-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-19

---

1. Соттолгондун өмүрүнө, ден соолугуна же болбосо кадыр-баркына башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан коркунуч келип чыкканда, ал жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин кандай болбосун кызматкерине жеке коопсуздугуна болгон коркунучту четтетүү жөнүндө өтүнүчү менен жазуу жүзүндө же оозеки кайрылууга укуктуу.

2. Соттолгондун өмүрүнө, ден соолугуна же болбосо кадыр-баркына коркунуч келип чыкканда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы коркунучту четтетүү боюнча, анын ичинде, соттолгондун макул болбогонуна карабастан, аны коопсуз жайга которуу жолу менен токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Коркунуч эки жана андан көп соттолгондорго келип чыкканда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы анын макул болбогонуна карабастан, коркунуч булагын изоляциялоо боюнча токтоосуз чараларды көрөт.

4. Соттолгонду коопсуз жерге которуу жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коркунуч сакталганда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы соттолгонду жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу башка органга же мекемеге жиберүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

6. Коопсуз жерге которулган соттолгон адам коопсуз жерге которгонго чейин аныкталган шарттарда жазасын же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөйт.

7. Соттолгондун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар өз убагында көрүлбөгөн учурда, жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чарасын көрүүчү органдын же мекеменин администрациясы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

8. Коопсуз жер катары соттолгондун коопсуздугун камсыз кылуучу жайлар, атайын түзүлүүчү камералар сыяктуу эле, айыптык изоляторлордун камералары, камералык типтеги жайлар, жеке камералар жана убактылуу бөлүп кармоочу жайлар колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-20)
