# 18-берене. Соттолгондордун татыктуу мамилеге укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 18-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-18

---

1. Соттолгондор кыйноого жана башка адамгерчиликсиз, ырайымсыз же адамдын кадырын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө же жазалоолорго дуушар болбоого тийиш.

2. Соттолгондор жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин кызматкерлери тарабынан татыктуу мамилеге укуктуу. Соттолгондорго мажбурлоо чаралары мыйзамдарда белгиленген негизде жана тартипте колдонулат.

3. Соттолгондор алардын талаптагыдай түрдө билдирилген жана күбөлөндүрүлгөн ыктыярдуу макулдугусуз медициналык, биологиялык, психологиялык жана башка тажрыйбаларга дуушар болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-19)
