# 17-берене. Соттолгондордун жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алууга укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 17-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-17

---

1. Соттолгондор жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерден жана органдардан жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын аткарылыш тартиби жана шарттары жана алардын өзгөрүүлөрү, аларды өтөө мезгилиндеги өздөрүнүн укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдын же мекеменин администрациясы соттолгонго анын укуктары, мыйзамдуу кызыкчылыктары, милдеттери жана укугунун чектелиши жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө берүүгө жана ага кол койдуруу менен түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-18)
