# 168-берене. Пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузганы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 168-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-168

---

1. Соттолгон ушул Кодекстин 166-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө соттолгонго жазуу жүзүндө эскертет.

2. Пробациялык көзөмөлдүн шарттарын жыл ичинде жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин жүйөлүү себептерсиз кайталап бузганда, пробация органы сотко ага мурда белгиленген милдеттерди толуктоо жөнүндө сунуштама жиберет.

3. Соттолгон адам мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген, ошондой эле көзөмөлдүк талаптарды жана пробациялык милдеттерди эки жана андан көп жолу бузган учурда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жана соттолгонду дайындалган жазасын өтөө үчүн жиберүү жөнүндө сунуштама жиберет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

Тиркеме

Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн тизмеги (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Соттолгон жана анын багуусунда турган адамдар үчүн зарыл болгон, ага менчик ээси укугунда таандык же кылмыш жасоо жолу менен алынбаган, жалпы менчикте анын үлүшү болуп саналган төмөнкүдөй мүлктүн түрлөрү жана предметтери конфискацияланууга жатпайт:

1) эгерде соттолгон жана анын үй-бүлөсү дайыма жашаган турак үй, квартира же алардын айрым бир бөлүктөрү;

2) конфискацияланууга жатпаган үй жана чарбалык курулуштар жайгашкан жер участоктору, ошондой эле өздүк көмөкчү чарбаны жүргүзүү үчүн зарыл болгон жер участоктору;

3) негизги иши айыл чарбасы болуп саналган адамдардан, - алардын үй-бүлөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл санда айыл чарба курулуштары жана короодогу малы, ошондой эле мал үчүн тоют;

4) айыл чарба өсүмдүктөрүн кезектеги себүү үчүн зарыл үрөндөр;

5) үй предметтери, анын ичинде:

а) кийим-кече, бут кийим, ич кийим, төшөк-шейшептер, колдонулуудагы ашкана эмеректери. Баалуу терилер жана башка баалуу кийим-кече, ашкана сервиздери, баалуу металлдардан жасалган, ошондой эле көркөм баалуулугу бар предметтер конфискацияланышы мүмкүн;

б) соттолгон жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн минималдуу зарыл болгон эмерек;

в) балдардын бардык буюмдары.

6) эгерде соттолгондун негизги иши айыл чарбасы болуп саналса, жаңы түшүм алганга чейин соттолгон жана анын үй-бүлөсү үчүн зарыл сандагы тамак-аш азыктары, ал эми калган учурларда – Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдөгү жалпы суммага тамак-аш азыктары жана акча;

7) тамак жасоо жана үй-бүлөнүн турак жайын жылытуу үчүн арналган отун;

8) соттолгон соттун өкүмү менен белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратылган же алар инвентарды кылмыш жасоо үчүн колдонгон учурларды кошпогондо, соттолгондун кесиптик ишин улантуу үчүн зарыл инвентарь (анын ичинде окуу куралдары жана окуу китептери);

9) майыптардын ары-бери жүрүүсү үчүн атайын арналган транспорттук каражаттар;

10) соттолгон сыйланган эл аралык, мамлекеттик жана башка байгелер.

---

Мурунку берене: [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-167)
