# 167-берене. Балдарга карата пробациялык көзөмөлдүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 167-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-167

---

1. Пробация органы баланы каттоого тургузууда ушул Кодекстин 165-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ал эми зарыл болгондо - педагогдун, психологдун, социалдык кызматкердин же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка өкүлүнүн, ички иштер органдарынын балдардын иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкеринин катышуусунда чаралардын комплексин ишке ашырат.

2. Балдарга карата ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чаралар менен катар эле пробация органы камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу органынын өкүлдөрү менен бирдикте, акт түзүү менен балдардын турак жай шарттарын текшерүүнү квартал сайын жүргүзөт.

3. Соттолгон бала үчүн сот тарабынан белгиленген пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу.

Сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруудан баш тарткан учурда пробация органынын кайталап берген сунуштамасы баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жөнөтүлөт. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [166-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-166)  
Кийинки берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-168)
