# 163-берене. Жаза өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдарга жардам көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 163-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-163

---

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотулуп жаткан адамдар жашаган жерине акысыз жетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чектеринде жолдо жүрүүсүнө тамак-аш азыктары же акча менен камсыз кылынат.

2. Мезгилге жараша зарыл кийим-кече, бут кийим жана аларды сатып алууга каражат болбогондо, эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулуп жаткан адамдар мамлекеттин эсебинен кийим-кече жана бут кийим менен камсыз кылынат.

3. Тамак-аш, кийим-кече, бут кийим менен камсыз кылуу жана жазадан бошотулуп жаткан адамдардын жол киресин төлөө Министрлер Кабинети белгилеген тартипте, жазаны аткаруучу мекеме тарабынан жүргүзүлөт.

4. Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана тестиер балдары бар аялдарды, ошондой эле балдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотууда жазаны аткаруучу мекеменин администрациясы жубайына, туугандарына же соттолгондун арызында көрсөтүлгөн башка адамдарга алдын ала билдирет.

5. Ден соолугунун абалы боюнча башка бирөөнүн багуусуна муктаж адамдар, ошондой эле он алты жашка чейинки балдар эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулуп жатканда, жашаган жерине жубайынын, туугандарынын же аларга келген башка адамдардын же болбосо түзөтүү мекемесинин же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин коштоосунда жиберилет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-164)
