# 1602-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-1602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 1602-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1602

---

1. Жазанын аткарылышы кийинкиге калтырылган, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар соттолгондор жашаган жери боюнча пробация органдарынын көзөмөлү астында турушат.

2. Жазасынын аткарылышы кийинкиге калтырылган соттолгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен пробация органдарына келүүгө милдеттүү.

3. Пробация органдары:

1) соттолгондордун эсебин жүргүзөт;

2) соттолгондорго жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу менен соттолгондор тарабынан көзөмөлдүк талаптардын аткарылышын контролдойт;

4) соттолгондор тарабынан укуктук ченемдердин сакталышы боюнча иштерди жүргүзөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1601-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1601)  
Кийинки берене: [1603-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1603)
