# 16-берене. Соттолгондордун негизги укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 16-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-16

---

1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө маалымат алуу; татыктуу мамиле; жеке коопсуздук; саламаттыгын сактоо жана квалификациялуу медициналык жардам алуу; социалдык жактан корголуу; юридикалык жардам алуу; билим алуу; дин тутуу жана динге ишенүү эркиндиги; сунуш, арыз жана даттануу менен кайрылуу; эне тилинде же өзү билген башка каалаган тилде түшүндүрмө берүү жана кат алышуу, ошондой эле сунуш жана даттануу менен кайрылуу; жабырлануучулар менен медиацияга катышуу; дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер (соттолгон чет өлкөлүк жарандар үчүн) менен байланыштарды күтүү соттолгондордун негизги укуктары болуп саналат.

2. Соттолгондор ушул Кодекске, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруунун жана өтөөнүн тартибин жана шарттарын белгилөөчү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка укуктарга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарга ээ болушат.

3. Соттолгондордун укуктарын ишке ашыруунун тартиби ушул Кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-17)
