# 158-берене. Жаза өтөөдөн бошотуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 158-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-158

---

Соттолгондор төмөнкү негиздер боюнча жазаны өтөөдөн бошотулат:

1) соттун өкүмү боюнча дайындалган жазанын же кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чарасын өтөө;

2) актоочу өкүм чыгарылганына же иш боюнча өндүрүштүн токтотулушуна байланыштуу өкүмдүн жокко чыгарылышы;

3) жазаны кыйла жумшагына алмаштыруу;

4) жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу;

5) мунапыс берүү актысы;

6) ырайым кылуу актысы;

7) соттолгондун өкүмдү аткарууга тоскоолдук кылуучу катуу оорусу;

8) жазыктык мыйзамдарда каралган башка негиздер.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-153)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-159)
