# 153-берене. Аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыккан менен жашаган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285933..1285934>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 153-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-153

---

1. Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондорго жана аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыгып, азап тарткандарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары саламаттык коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери тарабынан аткарылат.

2. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жана аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыккан соттолгондорго карата соттун чечими боюнча түзөтүү мекемелери тарабынан медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулат.

3. Эгерде эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөө мезгилинде соттолгон аракечтикке, баңги дартына, токсикоманияга, кургак учукка чалдыкканы жана дарылануудан качканы белгиленсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы мындай адамга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сотко сунуштама берет, ал эми ал бошотулгандан кийин, мында дарылоо саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелеринде улантылат.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-152)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-158)
