# 152-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 152-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-152

---

1. Акыл-эси жайында эмес абалда Кылмыш-жаза кодексинде каралган укукка каршы жосундарды, акыл-эси чектелген абалда кылмыштарды, акыл-эси жайында болгон абалда кылмыш жасаган, бирок өкүм чыгарылганга чейин жин оорусуна чалдыгып же психикалык жактан убактылуу ооруп калган адамдарга, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн башка чараларына соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары ден соолукту коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери тарабынан аткарылат,

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар дарылоодон өтүп жаткан саламаттык сактоо органдарынын атайын мекемелери алар айыккан учурда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонгон сотко тиешелүү медициналык корутунду жиберет,

3. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан жана акыл-эси жайында болгон психикалык жактан оорулуу соттолгондорго карата соттун чечими боюнча түзөтүү мекемелери тарабынан психиатр-врачтын амбулатордук текшерүүсүн, психиатриялык стационарда дарылоону өзүнө камтыган медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары аткарылат, ошондой эле жазаны өтөө мезгилинде психотерапевттик жана психокоррекциялык чараларды жүргүзүүгө көмөк берүүчү шарттар түзүлөт. Стационардык дарылоо адамдын психикалык абалы начар жагына өзгөргөн учурда психиатр-врачтын сунушу боюнча жүргүзүлөт.

4. Соттолгон жин оорусу менен ооруп калган же эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө убагында анда убактылуу психикалык бузулуу табылган учурда, түзөтүү мекемесинин администрациясы сотко ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштама киргизет. Сот ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө маселени чечкенге чейин Түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүү эрежелеринде каралган чаралар колдонулат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-153)
