# 151-берене. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 151-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-151

---

1. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасына соттолгондор соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен пробация органына келүүгө милдеттүү.

2. Пробация органдары:

1) соттолгондордун эсебин жүргүзөт;

2) тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын өтөөнүн тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) соттолгондун сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышын контролдойт;

4) жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык жана укуктук ченемдерди сактоо боюнча иш жүргүзөт.

3. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун, аныктамасынын) көчүрмөсү пробация органдарына келип түшкөн жана соттолгонду эсепке алган күндөн тартып эсептелет.

4. Эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасына соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттенмелерди жана тыюу салууларды аткарууга;

2) пробация органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) пробация органдарына кабарландырбастан жашаган, иштеген, окуган жерин өзгөртпөөгө;

4) пробация органдарынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;

41) өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;

5) өзүнүн жүрүш-туруш жөнүндө жана сот тарабынан жүктөлгөн милдеттенмелерди жана тыюу салууларды аткаруу жөнүндө пробация органдарынын алдында отчет берүүгө;

6) катталуу жана алдын-алуучу маекке катышуу үчүн, ошондой эле чакыруу боюнча айына эки жолу пробация органдарына келүүгө.

5. Соттолгондун ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткарбоосу эскертүү менен жүрүш-турушту чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу болуп саналат.

6. Соттолгон адам мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же соттолгон адам жүрүш-турушту эскертүү менен чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузган, же башка укук бузуу жасаган учурда, пробация органы сотко балага карата тарбиялык мүнөздөгү кыйла катуу чараны же кылмыш жазасын колдонуу жөнүндө өтүнүч жиберет.

7. Мажбурлоочу чараларды өтөө шарттарын ак ниет аткарганда, түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда оң натыйжаларга жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген залалдын ордун толугу менен толтурганда, жүрүш-турушту эскертүү менен чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин, пробация органы сотко мажбурлоо чарасын жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама жиберүүгө укуктуу.

Сот сунуштаманы канааттандыруудан баш тарткан учурда, сунуштама кайрадан баш тартылган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин жиберилиши мүмкүн. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-152)
