# 150-берене. Эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 150-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-150

---

1. Эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын мөөнөтү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

2. Ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдар же болбосо эскертүү менен көзөмөлгө өткөрүп берүү түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруу сот тарабынан жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балага тарбиялык таасир көрсөтүүнү жана анын жүрүш-турушуна көзөмөлдү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тарбиялык мүнөздөгү ушул мажбурлоо чарасын аткарууну жүктөгөн жактардын же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балдарды көзөмөлдөө жана тарбиялык таасир көрсөтүү боюнча милдеттерди аткаруусун контролдоону жүзөгө ашырат.

4. Бала бир нече жолу баш ийбеген же ата-энесинин же аларды алмаштыруучу адамдардын же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдуу талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбаган, башка укук бузууларды жасаган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган балага карата тарбиялык мүнөздөгү кыйла катуу чараны же жазык жазасын колдонуу жөнүндө сотко өтүнмө жиберет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-151)
