# 15-берене. Соттолгондордун укуктук абалынын негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 15-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-15

---

1. Соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын урматтоо, коргоо аларды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуунун мыйзамдуулугун, ошондой эле укуктук коргоону жана жеке коопсуздукту камсыз кылат.

2. Соттолгондор Конституцияда, Кылмыш-жаза кодексинде, ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген укуктарга, эркиндиктерге ээ жана чектөөлөрү бар милдеттерди аткарышат.

3. Эгерде Конституцияда, башка мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттолгон чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар бардык жарандар үчүн белгиленген укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат, ошондой эле милдеттерди аткарат.

4. Соттолгондордун укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын укуктарын чектөөлөр жазалардын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларынын конкреттүү түрүн аткаруу тартибине жана шарттарына жараша, ушул Кодекс менен аныкталат.

5. Соттолгондордун өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын бузбоого тийиш.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-16)
