# 148-берене. Соттолгондорду материалдык турмуш-тиричиликтик жана медициналык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 148-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-148

---

1. Соттолгондор үчүн аскер уставдарынын талаптарына ылайык зарыл турак жай турмуш-тиричиликтик шарттар түзүлөт.

2. Соттолгондор мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк жана буюм мүлктөрү менен камсыз кылынат.

3. Соттолгондорду медициналык жактан камсыз кылуу жарандардын саламаттыгын коргоо мыйзамдарына, жазаны өтөө тартибине жана шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Стационардык шарттарда дарыланууга муктаж болгон соттолгондор кайтаруу астында госпиталда дарылоого жиберилет жана атайын жабдылган палаталарда кармалат. Соттолгондорду госпиталдын чектеринде кайтаруу госпиталь жайгашкан жердеги гарнизондун начальнигинин күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.

5. Соттолгондордун акчалай күтүүсү алардын жеке эсептерине ай сайын которулат.

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-149)
