# 147-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо жана жаза-чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 147-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-147

---

1. Соттолгондорго карата төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулат:

1) алкыш жарыялоо;

2) грамота менен сыйлоо;

3) белек менен сыйлоо;

4) акчалай сыйлык менен сыйлоо;

5) кошумча бир кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;

6) мурда салынган дисциплинардык жаза-чарасын алып салуу.

2. Эмгекке жана аскер кызматына карата үлгүлүү жүрүш-турушу, ак ниет мамилеси менен мүнөздөлгөн соттолгондор ушул Кодекстин 160-беренесинде белгиленген тартипте, дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Соттолгондорго төмөнкүдөй жаза-чаралары салынат:

1) сөгүш;

2) катуу сөгүш;

3) он беш суткага чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн гауптвахтасында кармоо менен камакка алуу.

4. Сыйлоолорду жана жаза-чараларын колдонуу боюнча командирлердин укуктары, аларды колдонуунун тартиби жана соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоонун тартиби Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик уставдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталат.

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-148)
