# 146-берене. Соттолгондорду тарбиялоо иштери жана аскердик окутуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 146-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-146

---

1. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу максатында соттолгондордо укукка ылайык жүрүш-турушту, эмгекке ак ниет мамилени калыптандырууга, аскердик милдеттерди аткарууга, аскердик тартипти чыңдоого, күжүрмөн даярдыкты өркүндөтүүгө, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган тарбия иштери уюштурулат жана жүргүзүлөт.

2. Соттолгондор менен тарбия иштери атайын иштелип чыккан пландар боюнча жеке, топтук жана массалык формада, соттолгондордун инсандыгынын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.

3. Соттолгондор келген аскер бөлүктөрүнүн командирлери дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командири менен туруктуу байланышта болууга жана алардын түзөлүшүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар соттолгондор менен тарбия иштерин жүргүзүүдө дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгына жардам көрсөтөт.

5. Соттолгондорду аскердик окутуу атайын программа боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт. Сабактарды өткөрүү үчүн зарыл окуу-материалдык база түзүлөт.

---

Мурунку берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-145)  
Кийинки берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-147)
