# 145-берене. Соттолгондордун эмгеги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 145-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-145

---

1. Дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармалган бардык соттолгондор дисциплинардык аскер бөлүгүнүн командачылыгы тарабынан аныкталуучу жерлерде жана жумуштарда эмгектенүүгө милдеттүү. Соттолгондор жаза өтөөнүн тиешелүү режими камсыз кылынган шартта дисциплинардык аскер бөлүгүнүн аймагындагы же анын аймагынан тышкары жерлердеги мамлекеттик ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда же менчигинин формасы башка болгон уюмдарда эмгекке тартылат.

2. Соттолгондордун эмгеги эмгек мыйзамдарында белгиленген эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо менен уюштурулат.

3. Соттолгондор тарабынан аткарылган жумуштарга ошол ишканада (уюмда, мекемеде) белгиленген ченемдер жана баалоолор жайылтылат.

4. Ишканалар (уюмдар) соттолгондордун эмгеги үчүн эсептеген суммалардын 50 пайызы дисциплинардык аскер бөлүгүн жакшыртуу, өзүнүн өндүрүштүк базасын түзүү жана өнүктүрүү, материалдык сыйлоо жана соттолгондордун социалдык турмуш-тиричиликтик муктаждыктарын чечүү үчүн дисциплинардык аскер бөлүгүнө которулат, ал эми калган бөлүгү соттолгондун жеке эсебине чегерилет.

5. Жумуштан баш тартуу же аны токтотуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуу болуп саналат жана жаза-чараларын колдонууга жана материалдык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-146)
