# 143-берене. Дисциплинардык аскер бөлүгүндөгү режим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 143-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-143

---

1. Дисциплинардык аскер бөлүктөрүндө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Дисциплинардык аскер бөлүктөрүнүн ички тартип эрежелери колдонулат, ал соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жиберүүнү, аларды кабыл алууну, жаза өтөө тартибин жана шарттарын, соттолгондорду кайтарууну, аларга көзөмөл жүргүзүүнү, соттолгондорго жүктөлгөн милдеттерди аткарууну жана аскердик окутууну, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууну, соттолгондор менен кызматкерлердин коопсуздугун регламенттейт.

2. Соттолгон аскер кызматчылары дисциплинардык аскер бөлүгүндө белгиленген режимдин талаптарын сактоого милдеттүү.

3. Жаза өтөө мезгилинде соттолгондор солдаттардын абалында болот жана дисциплинардык аскер бөлүгүнүн белгиленген формасындагы кийимин кийип жүрөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-144)
