# 141-берене. Коомдук кошундардын тарбиялоо абактарынын ишине катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 141-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-141

---

1. Абактын администрациясына окуу-тарбиялоо процессин уюштурууга жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, соттолгондорду социалдык жактан коргоо, бошотулуп жаткандарды эмгекке жана турмуш-тиричилик жагынан жайгаштыруу маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүү үчүн тарбия абагынын алдында мамлекеттик уюмдардын, коомдук бирикмелердин, башка мекемелердин жана жеке жактардын өкүлдөрүнөн турган камкордук кеңеши түзүлөт. Камкордук кеңешин уюштуруу жана анын иши Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобо менен регламенттелет.

2. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана тарбия абагынын администрациясына жардам көрсөтүү максатында соттолгондордун ата-энелеринен жана башка жакын туугандарынан ата-энелер комитеттери түзүлөт. Ата-энелер комитеттеринин иши жаза аткаруу системасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү типтүү жобо менен жөнгө салынат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-142)
