# 140-берене. Окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 140-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-140

---

1. Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу максатында соттолгондордо мыйзамга ылайык жүрүш-турушту, эмгекке жана окууга ак ниет мамилени калыптандырууга, жалпы негизги жана жалпы орто, баштапкы жана кесиптик орто билим алууга, кесиптик жагынан даярдоого, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга багытталган бирдиктүү окуу-тарбиялоо процесси уюштурулат.

2. Жалпы билим берүү жана кесиптик окутуу жана даярдоо тарбиялоо абактарында жана ишканаларда түзүлүүчү билим берүү мекемелеринин базасында жүзөгө ашырылат.

3. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү өспүрүм курагына таандык болгон психофизиологиялык өзгөчөлүктү эске алуу менен, психологиялык-педагогикалык усулдардын негизинде жеке, топтук жана массалык формаларда жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-141)
