# 139-берене. Соттолгондорду тарбиялоо абактарынан түзөтүү абактарына которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 139-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-139

---

1. Терс мүнөздөлгөн, он сегиз жашка толгон соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн тарбия абагынан төмөнкүдөй которулат:

1) жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында кармалгандар - жалпы режимдеги түзөтүү абагына;

2) күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактарында кармалгандар - катуу режимдеги түзөтүү абактарына.

2. Он сегиз жашка толгон соттолгондорду түзөтүү абактарына которуу тарбия абагынын начальнигинин сунуштамасы боюнча жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт.

3. Жыйырма үч жашка толгон бардык соттолгондор жазасын андан ары өтөө үчүн тарбия абагынын начальнигинин сунуштамасы боюнча жаза аткаруу системасынын борбордук органынын атайын комиссиясынын чечими менен тарбия абагынан тиешелүү режимдеги түзөтүү абагына которулат.

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-140)
