# 138-берене. Эрезеге жеткен соттолгондорду тарбиялоо абактарында калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 138-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-138

---

1. Он сегиз жашка толгон соттолгондор алардын макулдугу менен тарбия абагында, бирок алар жыйырма үч жашка толгонго чейин гана калтырылышы мүмкүн.

2. Он сегиз жашка толгон жана тарбиялоо абагында калтырылган соттолгондорго соттолгон балдар үчүн каралган жаза өтөөнүн шарттары, тамак-аш жана материалдык турмуш-тиричиликтик жагынан камсыз кылуунун ченемдери жайылтылат.

3. Он сегиз жашка толгон жана тарбиялоо абагында калтырылган соттолгондор ушул Кодекстин 16-главасына ылайык эмгекке тартылат.

4. Он сегиз жашка толгон соттолгондорду тарбия абагында калтыруу тарбия абагынын начальнигинин өтүнмөсү боюнча соттун чечими менен жүргүзүлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-139)
