# 137-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары жана аларды колдонуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 137-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-137

---

1. Соттолгондорго карата жаза чаралары тарбиялоо абагынын начальнигинин жүйөлөнгөн токтому же буйругу менен жазуу жүзүндө колдонулат.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 6-пункттарында каралгандар менен катар окууга чыгаруу менен, жүз жыйырма саатка чейинки мөөнөткө убактылуу өз-өзүнчө кармоо жайында кармоо түрүндө жаза-чарасы колдонулушу мүмкүн.

3. Убактылуу бөлөк кармоо жайына жайгаштыруу жаза-чарасынын мөөнөтүн көрсөтүү менен, ден соолугунун абалы боюнча анда кармоо мүмкүндүгүнүн жүйөсү медициналык жактан күбөлөндүрүлгөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Убактылуу бөлөк кармоо жайында кармоо түрүндө жаза-чарасын аткаруу тарбия абагынын начальнигинин чечими менен медициналык көрсөтмөлөр боюнча токтотула турат.

5. Убактылуу бөлөк кармоо жайына отургузулган соттолгондорго жолугушууга, телефондук сүйлөшүүлөргө, тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга, аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, видео- жана кинофильмдерди, ошондой эле телеберүүлөрдү көрүүгө, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды ойноого жана чылым тартууга тыюу салынат.

Алар күн сайын узактыгы эки саатка созулган сейилдөөгө чыгууга укуктуу.

6. Убактылуу бөлөк кармоо жайына отургузулган соттолгондорго карата убактылуу бөлөк кармоо жайына отургузуудан башка бардык жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-138)
