# 135-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 135-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-135

---

1. Соттолгондорго карата сыйлоо тарбия абагынын начальнигинин жазуу жүзүндө жүйөлөнгөн токтому же буйругу менен колдонулат.

2. Жакшы жүрүш-турушу, эмгекке, окууга ак ниет мамилеси, жасаган кылмышы менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүшү, ыктыярдуу уюмдардын ишине жана тарбиялык иш-чараларга, реабилитациялык, көнүктүрүү жана башка программаларга активдүү катышканы үчүн соттолгон балдарга ушул Кодекстин 116-беренесинде каралгандар менен катар сыйлоонун төмөнкүдөй чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) абактын кызматкерлеринин коштоосу менен тарбиялоо абагынын чегинен тышкары жердеги маданий-оюн-зоок жана спорттук иш-чараларга барууга укук берүү;

2) бошотулганга чейин алты ай калганча - ата-энесинин же башка жакын туугандарынын коштоосунда абактын чегинен тышкары чыгууга укук берүү;

3) соттолгонду убактылуу өзүнчө кармоо жайынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.

3. Тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондор сыйлоо тартибинде ушул Кодекстин 132-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда кармоонун жеңилдетилген шарттарына которулушу мүмкүн.

4. Соттолгондордун коомго интеграцияланышына өбөлгө болгон, ошондой эле жасаган кылмышы менен залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көргөн түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда он натыйжаларга жетишкен соттолгондорго карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө өтүнмө киргизилиши мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-136)
