# 134-берене. Күчөтүлгөн режимдеги тарбиялоо абактары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 134-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-134

---

1. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чектөөсүз чыгымдоого;

2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана алты узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда сегиз жолу телефондук сүйлөшүүгө.

2. Жазаны жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга ай сайын чектөөсүз чыгымдоого;

2) жыл ичинде чектөөсүз кыска мөөнөттүү жана он узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он эки жолу телефондук сүйлөшүүгө.

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-135)
