# 132-берене. Тарбиялоо абактары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 132-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-132

---

1. Тарбиялоо абагына келип түшкөн соттолгондор, ошондой эле жазаны өтөөнүн жеңилдетилген шарттарынан которулган адамдар тарбиялоо абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөйт.

2. Жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо жана окууга ак ниет мамиле кылганда, соттолгондор жазаны өтөөнүн адаттагы шарттарынан жеңилдетилген шарттарына төмөнкүдөй которулат:

1) жалпы режимдеги тарбиялоо абактарында жазасын өтөп жаткан балдар - адаттагы шарттарда үч ай өтөгөндөн кийин;

2) күчөтүлгөн режимдеги абактарда жазасын өтөп жаткан балдар - адаттагы шарттарда алты ай өтөгөндөн кийин.

3. Бошотууга даярдоо үчүн адаттагы шарттарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор бошотулганга чейин үч ай калгандан кечиктирбестен жаза өтөөнүн жеңилдетилген шарттарына которулат.

4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, кыянаттык менен тартип бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы шарттарга которулат. Жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу адаттагы шарттарга кайра келгенден кийин алты айдан кийин жүргүзүлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-133)
