# 129-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондордун жаза өтөөсүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 129-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-129

---

1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган, өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жатышкан, ушул түзөтүү мекемесине келген соттолгондор, ошондой эле катуу жана жеңилдетилген шарттардан которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын отуз эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде жети кыска мөөнөттүү жана төрт узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда сегиз жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор жаза мөөнөтүнүн бир жылын адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин жеңилдетилген шарттарга которулат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын отуз беш эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде сегиз кыска мөөнөттүү жана беш узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда тогуз жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган соттолгондор жана жазасын адаттагы же жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган жана катуу шарттарда кармалган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын жыйырма беш эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде беш кыска мөөнөттүү жана үч узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда телефон аркылуу алты жолу сүйлөшүүгө;

4) күн сайын эки саат сейилге чыгуудан пайдаланууга.

5. Кармоонун катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чарасы болбогондо, бир жыл алты айдан кийин жүргүзүлөт.

6. Катуу шарттардан адаттагы шарттарга же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 2 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-130)
