# 128-берене. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020386)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.01.2025 [Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020386); 10.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=14117..25021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 128-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-128

---

1. Өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу менен алмаштырылгандар жазасын өтөйт жана кармалышат.

2. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондор жеңилдетилген шарттарда жаза өтөп жаткан, жатаканаларда кармалышкан соттолгондордон тышкары, камераларда кармалышат. Соттолгондун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча соттолгондун жеке коопсуздугуна коркунуч келип чыкканда же башка соттолгондордун же мекеменин кызматкерлеринин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жараткан соттолгонду өзүнчө бөлүү зарылдыгы болгон учурларда, түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому менен соттолгондор жеке камераларда кармалат.

3. Соттолгондордун өзгөчө режимдеги абактардагы эмгеги, анын ичинде акы төлөнүүчү эмгеги, соттолгондорду камераларда кармоо талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

4. (КР 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында кармалган соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү соттолгондорду камераларда кармоонун талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

6. Өзгөчө режимдеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор которулганга чейин эле аныкталган шарттарда жазасын өтөшөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-129)
