# 125-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жаза өтөөнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305); 10.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 125-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-125

---

1. Жалпы режимдеги түзөтүү абактарында жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын кырк беш эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он эки кыска мөөнөттүү жана жети узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он эки жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан соттолгондор жатаканаларда жашайт жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын элүү эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он төрт кыска мөөнөттүү жана сегиз узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он төрт жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Катуу шарттарда жаза өтөп жаткан соттолгондор камераларда кармалып турат жана төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жеке эсептеринде болгон акча каражатынын кырк эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммасын ай сайын тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) жыл ичинде он кыска мөөнөттүү жана беш узак мөөнөттүү жолугушуу алууга;

3) бир жылда он жолу телефондук сүйлөшүүгө;

4) (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) күн сайын бир жарым саат таза абага сейилдөөгө чыгуудан пайдаланууга.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-126)
