# 124-берене. Жалпы режимдеги түзөтүү абактары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285934..1285935>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 124-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-124

---

1. Ушул берененин 7-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында ушул түзөтүү мекемесине келип түшкөн соттолгондор, ошондой эле жаза өтөөнүн катуу жана жеңилдетилген шарттарынан которулуп келген соттолгондор адаттагы шарттарда жазасын өтөйт.

2. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо, жазасынын алты айлык мөөнөтүн адаттагы шарттарда өтөгөндөн кийин соттолгондор жеңилдетилген шарттарга которулат.

3. Жазасын адаттагы шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор катуу шарттарга которулат.

4. Жазасын жеңилдетилген шарттарда өтөп жаткан, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар катары таанылган соттолгондор адаттагы же катуу шарттарга которулат.

5. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн жаза-чаралары болбогондо, алты айдан кийин жаза өтөөнүн катуу шарттарынан адаттагы шарттарга которуу жүргүзүлөт.

6. Катуу шарттардан адаттагы же адаттагы шарттардан жеңилдетилген шарттарга кайталап которуу ушул берененин 2 жана 5-бөлүктөрүндө аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

7. Кармоонун адаттагы жана жеңилдетилген шарттарына которуусуз, жалпы режимдеги түзөтүү абактарында катуу шарттарда уюшкан криминалдык топтордун активдүү мүчөлөрү жаза өтөшөт.

Катуу шарттарда террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор кармалышат.

8. Жалпы режимдеги башка түзөтүү абагынан которулган соттолгондор жазасын которулганга чейин эле аныкталган шарттарда өтөшөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-125)
