# 121-берене. Соттолгондорду айыптык изолятордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда кармоонун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 121-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-121

---

1. Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондорго:

1) күн сайын узактыгы бир саат болгон сейилдөөгө уруксат берилет;

2) жолугушууга, телефондук сүйлөшүүлөргө, күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга, аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат.

2. Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан акчасын күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) бир аманат жиберүү же берип жиберүү жана бир бандероль алууга;

3) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилдөөдөн пайдаланууга.

3. Жаза-чарасын берүү тартибинде камералык типтеги жайга же жеке камерага которулган соттолгондорго жолугушууга, телефондук сүйлөшүүгө, камераларда чылым тартууга, ошондой эле уктоого арналган орунду күндүзгү убакта пайдаланууга тыюу салынат.

4. Айыптык изоляторго отургузулган соттолгондор эмгекке тартылбайт.

5. Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор түзөтүү мекемесин чарбалык тейлөө боюнча жана өндүрүштүк зарылдык болгон учурда гана эмгекке тартылышы мүмкүн.

6. Соттолгондор айыптык изоляторлордон, камералык типтеги жайлардан жана жеке камералардан дарылоочу түзөтүү мекемелерине, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын мекемелерине которулган учурда, алардын дарылоо мекемелеринде болгон мөөнөтү өз денесине залал келтирүүнүн жана оорумуш болуунун учурларын кошпогондо, жаза чарасын өтөөнүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

7. Айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда жана жеке камераларда соттолгонду материалдык турмуш-тиричиликтик жактан камсыз кылуу жаза өтөөнүн катуу шарттарында соттолгондорду кармоо үчүн белгиленген ченемдер боюнча жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-122)
