# 119-берене. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285934..1285935>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 119-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-119

---

1. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузууларды кошпогондо, ушул Кодексте жана Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген талаптарды соттолгондордун аткарбашы жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуу болуп саналат.

2. Жаза-чарасы колдонулган соттолгон жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуучу деп таанылат.

3. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуулар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алкоголду, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун колдонуу, медициналык күбөлөндүрүү жолу менен белгиленгенде;

2) майда ээн баштык;

3) сот тарабынан дайындалган мажбурлап дарылоодон баш тартуу;

4) иштөөдөн баш тартуу же токтотуу;

5) түзөтүү мекемесинин администрациясына же бийлик органдарына билип туруп мыйзамсыз талаптарды коюу менен коштолгон соттолгондун демонстративдүү түрдө ачкачылык (тамак ичүүдөн баш тартуу) жарыялоосу жана (же) кармоосу же демонстративдүү түрдө денесинин бир мүчөсүнө зыян келтирүүсү;

6) түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрүн коркутуу, мазактоо же аларга баш ийбөө;

7) иш таштоолорду же башка тобу менен баш ийбөөлөрдү уюштуруу, ошого тете аларга катышуу;

8) криминалдык, экстремисттик идеологияны пропагандалоо, улуттар аралык чыр-чатакты тутандыруу, кандай болбосун белгиси жана жагдай боюнча басмырлоо;

9) ушул беренеде көрсөтүлгөн бузууларды жасоого багытталган соттолгондордун тобун уюштуруу же катышуу.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузуулардын бирин жасаган же ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жазаны өтөөнүн белгиленген тартибин жыл ичинде экинчи ирет бузган, алардын бирин жасаганы үчүн ал айыптык изолятордо кармоо же камералык типтеги жайга же жеке камерага которуу түрүндө жаза-чарасына тартылган соттолгон кыянаттык менен тартип бузуучу деп таанылат.

5. Соттолгон бир эле убакта жаза-чарасын салуу менен түзөтүү мекемесинин начальнигинин жүйөлөнгөн токтому боюнча кыянаттык менен тартип бузуучу катары таанылат.

6. Соттолгонду кыянаттык менен бузуучу деп таануу жаза-чарасы болуп саналбайт жана жазаны өтөө шарттарын аныктоодо эске алынат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-120)
